Европалыктар чет элдик аскер базаларына ишеним артпайт

© Sputnik / Оксана Джадан / Медиабанкка өтүүАскер кызматчылары. Архив
Аскер кызматчылары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сурамжылоо Sputnik маалымат агенттиги жана радиосунун тапшырыгы менен Ifop изилдөө компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Пикирлер сурамжылоосуна ылайык, Европа мамлекеттеринин жашоочулары улуттук коопсуздук маселелерин өлкө аймагында жайгашкан чет элдик аскер базаларынын чечишин каалабай турганы анык болду. 

Өлкөңүздү кайсы куралдуу күчтөр жакшыраак коргойт?
Өлкөңүздү кайсы куралдуу күчтөр жакшыраак коргойт? - Sputnik Кыргызстан
Өлкөңүздү кайсы куралдуу күчтөр жакшыраак коргойт?

Мында сурамжылоого катышкан Германия элинин 4 жана италиялыктардын 5 пайызы гана чет элдик базалар өлкө коопсуздугун улуттук армияга караганда жакшы коргомок деген пикирде. Мындай маалыматтар Sputnik маалымат агенттиги жана радиосунун тапшырыгы менен Ifop изилдөө компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгында белгилүү болду. АКШнын Коргоо министрлигинин 2015-жылдагы отчетуна ылайык, өлкө аймагынан тыш 587 аскердик объекти жайгашкан. 

Европа ичинде эң көп аскер база жайгашкан мамлекет Германия болуп саналат. Андан кийинки орунда Италия турат. "Өлкөңүздү ким жакшыраак коргойт?" деген суроого немистердин 38, италиялыктардын 34 пайызы базалардын жардамысыз эле улуттук армия деп жооп берген. Ушунча эле киши улуттук армия менен чет элдик аскер базалары биргеликте натыйжалуу иш алып бармак деп эсептейт. Бул суроого Германияда 21, ал эми Италияда 27 пайыз эл жооп бере албай койгон.

2001-жылдын 11-сентябрындагы теракты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Европа: АКШ 11-сентябрдан кийин дүйнөнү коопсуз кыла алган жок
Сурамжылоо Sputnik маалымат агенттиги жана радиосунун тапшырыгы менен Ifop изилдөө компаниясы тарабынан 28-июндан 4-июлга чейин жүргүзүлгөн. Ага Германиядан 1004, Италиядан 1002 киши катышкан. Мында калк жынысы, жаш курагы жана жайгашкан жери боюнча тең салмакта каралган. 

Коомдук пикирди изилдөө боюнча эл аралык долбоор 2015-жылдын январында башталган. Долбоордун өнөктөшү белгилүү Populus жана Ifop изилдөө компаниялары болду. "Sputnik. Пикирлер" долбоорунун алкагында Европа жана АКШ өлкөлөрүндө маанилүү социалдык жана саясий маселелер боюнча сурамжылоолор үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. 

Sputnik (sputniknews.com) — ондогон өлкөлөрдө мультимедиялык маалыматтык хабдарга ээ маалымат агенттиги жана радио. Sputnik өзүнө сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, социалдык тармактарда баракчаларды камтыйт. Sputnik маалымат түрмөгүнө жазылгандар үчүн англис араб, испан жана кытай тилдеринде кабарлар күнү-түнү жаңыланып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0