Азербайжанда эртең референдум болот, ал эми бүгүн жымжырт күн

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүБаку шаарына көрүнүш. Архивдик сүрөт
Баку шаарына көрүнүш. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азербайжандын БШКсы эң кеминде элдин 25 пайызы келсе, референдум өттү деп эсептелээрин билдирди.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Азербайжандын Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча референдум эртең, 26-сентябрда болот, ал эми бүгүн жымжырт күн. Бул туурасында РИА Новости кабарлады. 

Аталган өлкөнүн борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, добуш берүү үчүн 5,3 миллион бланкалар басылып, даярдалган.

Референдумда президенттик мөөнөттү беш жылдан жети жылга узартуу, вице-президент керекпи же жокпу, андан сырткары президенттикке жана парламенттеги депутаттыкка талапкерлердин жаш курагын чектөөнү алып салуу суроолору чечилмекчи.

Депутаттардын орун жайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда колдоого алынды
Референдумга Конституцияга киргизилген 29 оңдоп-түзөө алып чыгылат. Бул Баш мыйзамдын 23 беренесине жасалган өзгөртүү жана дагы алты беренени кошуу сунушталган.

Азербайжандын БШКсы элдин эң кеминде 25 пайызы келсе, референдум өттү деп эсептелээрин билдирди.

Алдын ала маалыматтарда добуш берүүнүн жыйынтыгы 21-октябрга чейин жарыяланат. Бул эгемен Азербайжандын тарыхындагы үчүнчү референдум.

Аталган өлкөнүн азыркы Конституциясы 1995-жылы 12-ноябрда жалпы элдик добуш берүүдө кабыл алынган. Учурда ал 158 беренеден турат.

Референдум күнү Азербайжандын аймагында 5627 шайлоо тилкелери эртең мененки саат сегизден кечки 19:00гө чейин иштейт. Өлкө аймагы 125 шайлоо округдарга бөлүнгөн. БШКнын берген акыркы маалыматтарында добуш берүүчүлөрдүн саны 5,26 миллион адамга чукулдап барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0