Жетип келген полиция, мээленген тапанчалар. Кишенделген афроамерикалык

© REUTERS / Andrew KellyАКШ полиция кызматкери. Архив
АКШ полиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин шаардын полициясы эгер жүйөлүү себеп болбосо видеону жарыялабай турганын билдирген эле.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. АКШнын Шарлот шаарынын полициясы өлтүрүлгөн афроамерикалык Кит Ламонт Скотт видеосун жарыялады. Бул тууралуу New York Post басылмасына шилтеме берүү менен РИА Новости кабарлады. 

Скоттко тиешелүү делген тапанча, каракуурай полициянын видеокамерасына түшүп калган.

АКШ полиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШда бейтааныш кишинин огунан аял менен балдар жарадар болду
Бейшемби күнү шаардын полиция башчысы Керри Путни каза болгон Скоттун видеосун эгер жүйөлүү себептер болбосо жарыялабай турганын айткан. Кийин полиция видеону жарыялоону чечкен. Өз макулдугун Түндүк Каролинанын губернатору Пат Маккрори да бер.

Полиция тарабынан өлтүрүлгөн Скоттун окуясынын кийин Шарлот шаарында нааразы болгон кишилер көчөгө чыгышкан. Шаар бийлиги коменданттык саат киргизүүгө мажбур болушкан. Ошондой эле коомдук тартипти сактоого улуттук гвардиянын аскерлери да тартылган.

АКШ президенти Барак Обама нааразы болгондорду тынчтык жолу менен укуктарын талап кылууга чакырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0