Индонезияда суу ташкынынан улам 27 адам каза болду

© REUTERS / ANTARA FOTOИндонезияда суу ташкынынан улам кыйраган үйлөр
Индонезияда суу ташкынынан улам кыйраган үйлөр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Табият кырсыгынан улам Ява аралынын батыш бөлүгүндөгү Гарут округунда 400 адам башка аймакка көчүрүлдү.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Индонезияда суу ташкындарынын кесепетинен улам 27 адам каза болуп, 22 киши дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу РИА Новости билдирди. 

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрында узак убакытка созулган катуу жаандын кесепетинен дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, Ява аралында суу ташкыны пайда болгон. 

"Табият кырсыгынан 27 адам каза болуп, 22 киши дайынсыз болууда", — деп айтылат маалыматта. 

Андан сырткары, Ява аралынын батыш бөлүгүндөгү Гарут округунда 400 адам башка аймакка көчүрүлдү. 

Индонезия бийлиги Суматранын үч провинциясына өзгөчө кырдаал режимин киргизген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0