UEFA Европа-2020 турниринин расмий логотибин сунуштады

© REUTERS / Tony O'Brien2020-жылы боло турган футбол боюнча Европа чемпионатынын расмий логотиби
2020-жылы боло турган футбол боюнча Европа чемпионатынын расмий логотиби - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2020-жылы боло турган Европа чемпионаты 13 шаарда өтмөкчү.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Лондондо өткөн салтанатта 2020-жылы боло турган футбол боюнча Европа чемпионатынын расмий логотиби сунушталды. Бул тууралуу Европа футбол ассоциациясынын расмий сайтында айтылат.

Португалиялык футболчу Криштиану Роналду - Sputnik Кыргызстан
Роналду өткөн сезондун жыйынтыгы боюнча Европанын мыкты футболчусу аталды
2020-жылдагы Европа чемпионаты анын 60 жылдык мааракесинин урматына 13 шаарда — Амстердам, Баку, Бильбао, Брюссель, Бухарест, Будапешт, Копенгаген, Дублин, Глазго, Мюнхен, Рим, Санкт-Петербург жана Лондондо өтөт. 

Жарым финалдык жана финалдык матч Лондондун "Уэмбли" стадионунда болмокчу.

Логотиптин эң башкы элементи болуп ага түшүрүлгөн көпүрө саналат. Ал 13 өлкөнү бириктирип турган биримдиктин белгиси.

Жаңылыктар түрмөгү
0