ЖМК: СМС үчүн америкалык кыз 30 жылга түрмөгө кесилгени турат

© Sputnik / Табылды КадырбековУюлдук телефондон смс жазган киши. Архив
Уюлдук телефондон смс жазган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америкада баңгизат сатуу менен алектенген кыз кокусунан полиция кызматкерлеринин колуна өзү түшүп калды.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Джонсон аймагынан чыккан 19 жаштагы америкалык кыз Шелби Эйкс телефон номеринен жаңылып, баңгизат сунуштаган СМС билдирүүнү полиция кызматкерине жөнөтүп алган. Бул тууралуу РИА Новости Fox59 сайтынын маалыматына таянып жазып чыкты.

Детективдер кыз менен байланышып, сатып алуу боюнча макулдашышкан.

Эйкс "кардарларга" метамфетамин жана дарыгердин уруксаты менен гана берилүүчү каражаттарды саткан. Товардын баасы 700 долларга чейин жеткен.

Полиция кызматкерлери кызды камакка алышты, "соодагер" 30 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0