Рамзан Кадыров айымдардын майрамына кылыч, найза көтөрүнүп кирди

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүЧечен республикасынын башчысынын милдетин аткаруучу Рамзан Кадыров
Чечен республикасынын башчысынын милдетин аткаруучу Рамзан Кадыров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сарайга жүздөгөн кыздар менен белгилүү айымдар чогулушкан. Чечен аялдарынын майрамы 2009-жылдан бери сентябрь айынын үчүнчү жекшембисинде майрамдалып келет.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Чечен республикасынын башчысынын милдетин аткаруучу Рамзан Кадыров Чечен аялдарынын күнүнө карата Грозныйдагы "Сафия" сарайында майрамдык иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Майрамдык иш-чарага Кадыров найза, кылыч көтөрүнүп, жоокердин кийимин кийип келди. 

Сарайга жүздөгөн кыздар менен белгилүү айымдар чогулушкан. 

"Чечен аялдары илим, маданият, саламаттык сактоо жаатында жана коомдук иш-чараларга активдүү катышып жаткандыгы бизди кубандырат. Мен бардык чечен аялдарын жылуу куттуктап, баарына гүл тапшырдым. Ал эми кечки асманды майрамдык салют кооздукка бөлөдү", — деп Рамзан Кадыров өзүнүн Instagram баракчасына жазып чыкты.

Чечен аялдарынын майрамы 2009-жылдан бери сентябрь айынын үчүнчү жекшембисинде майрамдалып келет. Майрам Кавказ согушунда каза болгон 46 аялдын урматына жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0