Сот Сибирдеги жалган табыпты түрмөгө кести

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүКресло судьи
Кресло судьи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кардарга "көз тийип, сук өтүп кеткендигин" айтып жана оорудан айыктырууну убада кылган табып 13 миң сомун шыпырып алган.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Ангарск соту жалган табыпты үч жыл алты айга эркинен ажыратты деп билдирди аталган аймактын сотунун маалымат кызматы. Бул туурасында РИА Новости жазды. 

Алдамчы аял буга чейин да Слюдянск райсотунун чечими менен шарттуу түрдө кесилген эле. Казакстанда туулган 53 жаштагы бул "табып" жаңы кылмышты сот берген мөөнөтүн өтөп жатып жасаган. Алдамчынын кайырмагына Мегет деп аталган айылдын жашоочусу илинген. Кардарга "көз тийип, сук өтүп кеткендигин" айтып жана оорудан айыктырууну убада кылган табып андан 13 миң сомун шыпырып алган. 

Ангарск шаарынын маалымат кызматы шарттуу түрдө кесилсе да кайрадан мындай кадамга барган аялга эми түрмөдө отурсун деп чечим чыгарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0