Россиянын Мамдумасына болгон шайлоодо "Единая Россия" алдыда

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүМамдумага шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу. Архив
Мамдумага шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Даяр протоколдун эсебине ылайык, учурда жалпы шайлоочулардын 47,99 пайызы добуш беришти.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Протоколдордун 75 пайызын карап чыккандан кийин "Единая Россия" партиясы Мамлекеттик Думага болгон шайлоодо 54,22% добуш алганы белгилүү болду. Бул тууралуу РИА Новости РФтин БШКсы берген маалыматка таянып жазып чыкты. 

Добуш берип жаткан Россия жараны - Sputnik Кыргызстан
Россияда Мамдумага шайлоо жүрүп жатат
Жалпысынан Мамдумага 6 партия өтүп жатат: төрт парламенттик партия,"Родина" жана "Гражданская платформа". Буга чейин бир мандаттык округдан "Яблоко", "Партия роста" жана "Партия Коммунистов России" аттуу уюмдар лидер болуп келе, бул шайлоодо алар өз позицияларын жоготушту. Даяр протоколдун эсебине ылайык, учурда жалпы шайлоочулардын 47,99 пайызы добуш беришти.

Мамлекеттик автоматташтырылган системанын жыйынтыгына ылайык, КПРФ 13,68 пайыз менен экинчи орунда, ЛДПР 13,42 пайыз менен үчүнчү орунда келе жатат, ал эми "Справедливая Россия" партиясы — 6,16 % добушка ээ.

Жаңылыктар түрмөгү
0