Стамбулда чет элдик 40 киши "Ислам мамлекетине" шектелип кармалды

© REUTERS / Murad SezerТүркия полиция кызматкери. Архив
Түркия полиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Согушкер деп шектелген адамдарды кармоо операциясы Стамбул шаарында 23 дарек боюнча жүргүзүлгөн.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Түркиянын полициясы Азербайжан, Афганистан, Ирак жана Ирандын 40 жаранын "Ислам мамлекети" террордук уюмунун согушкерлери болушу мүмкүн деген шек менен кармады. Бул туурасында РИА Новости CNN Turk телеканалына шилтеме кылып кабарлады. 

Түркиянын полиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркия "Ислам мамлекетине" тиешеси бар делген шек менен 6 миң адамды кармады
Полициядагы маалымат булактарынын билдиргенине караганда согушкер деп шектелген адамдарды кармоо операциясы Стамбул шаарында 23 дарек боюнча жүргүзүлгөн. Кабарларда алардын бир бөлүгү Сириядагы террорчулардын катарында болуп, согуштук аракеттерге катышкан деп айтылууда. 

Полиция кармап жатканда алардан "Ислам мамлекетине" тиешелүү материалдарды тапкан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0