Алтайда мадылды изилдеген илимий борбор ачылат

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүДетеныш манула. Архивное фото
Детеныш манула. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган борбор Сайлюгем улутук паркында ачылып, дүйнө жүзүндөгү мадылдарды изилдеген алгачкы илимий борбор болот.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Алтайдагы Сайлюгем улутук паркында мадылдарды изилдеген борбор ачылат. Бул тууралуу РИА Новости аталган паркка шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

Россия, Улуу Британия, Казакстан, АКШ, Тажикстан, Монголия, Швеция, Украинадан чогулган окумуштуулар жапайы мышыкты (мадыл) изилдөөдөгү көйгөйлөр тууралуу жыйын курушкан. Алардын айтымында, мадылдарды изилдеген атайын илимий борборлор дүйнө жүзүндө жок. 

"Россияда мадылды изилдеген окумуштуулар саналуу гана. Алардын бири Анна Барашкова. Ал атайын база түзүп, сүрөт жана видеолорду киргизгени менен бир адам эч нерсеге жетишпейт. Андыктан Сайлюгем улуттук паркында мадылдарды изилдеген борбор ачылды", — дейт окумуштуу Денис Маликов. 

Мадыл — кызыл китепке кирген жапайы мышык. Ал Кыргызстан жана башка Орто Азия өлкөлөрүн, Россиянын Алтай республикасын байырлайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0