Франциянын экс-президенти Жак Ширак ооруканага жатты

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүФранциянын экс-президенти Жак Ширак. Архив
Франциянын экс-президенти Жак Ширак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саясатчы учурда 83 жашта. Ал Францияны 1995-2007-жылдардын аралыгында башкарып, президенттик тактыда 12 жыл отурган.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Франциянын экс-президенти Жак Ширак өпкө оорусу менен ооруканага жаткырылганын Франс Пресс агенттигине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты. 

Ислам Каримовдун портретинин жанына койулган гүлдөр. - Sputnik Кыргызстан
Казакстандын президенти Назарбаев Каримовдун мүрзөсүнө барып куран түшүрдү
Маалыматка ылайык, 83 жаштагы саясатчы Париждеги Питье-Сальпетриер ооруканасына үй-бүлөсү менен Мароккого барып келгенден кийин кайрылууга мажбур болгон. Эми экс-президенттин бир нече күн дарылануудан өтүүсү күтүлүп жатат.

Жак Ширак Францияны 1995-2007-жылдары башкарган 22-өлкө башчы. Анын маалында президенттиктин мөөнөтү 7 жылдан 5 жылга чейин кыскарган. Мамлекеттин эки тизгин бир чылбырын 12 жыл бою кармап келген Ширак президенттигинин узактыгы боюнча өлкөнү 14 жыл башкарган Франсуа Миттерандан кийин экинчи орунда турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0