Нью-Йорктогу үчүнчү "жардыруучу түзүлүш" таштанды болуп чыкты

© REUTERS / STEPHANIE KEITHЖарылуу болгон аймактагы тез жардам кызматы.
Жарылуу болгон аймактагы тез жардам кызматы. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишемби күнү кечинде аталган шаарда жардыруу болуп, андан 29 киши жабыркаган.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. АКШ полициясы Нью-Йорк шаарындагы үчүнчү жардыруучу түзүлүш делген нерсе таштанды болуп чыкканын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости Pix 11 телеканалына таянуу менен жазып чыкты.

Нью-Йорк шаарындагы жардыруу болгон аймактагы полиция жана өрт өчүрүү кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
ТИМ: Нью-Йорктогу жардыруудан КР жарандары жабыркаган жок
Эскерте кетсек, ишемби күнү кечинде аталган шаарда жардыруу болуп, андан 29 киши жабыркаган. Полиция кызматкерлери жардырууну ишке ашыргандар өз максаты үчүн атайын калаанын киши көп топтолгон жерин тандап алышкан. 

Учурда 29 кишинин бири ооруканада оор абалда жатканы айтылууда. 

Иликтөө учурунда окуя болгон жерден жардыруучу зат делген экинчи түзүлүш табылып, кийин анын тамак бышыруучу идиш экени аныкталган. Андан соң үчүнчү түзүлүш бар экени айтылган эле. 

"27 көчөдөн табылган үчүнчү түзүлүш таштанды чемодан болуп чыкты. Ал коркунуч жартпайт", — деп айтылат маалыматта. 

Учурда полиция башка аймактарды да изилдеп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0