Бельгияда бөбөктүн өмүрүн эвтаназия жолу менен токтотушту

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүКапельница. Архив
Капельница. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бельгия — өлүмгө алып келген дартка чалдыккандардын жашоосун токтотуу практикасы колдонулуп келген жападан жалгыз мамлекет.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Бельгияда айыккыс илдетке чалдыккан бөбөктүн жашоосун эвтаназия (макулдук менен дары сайып өлтүрүү) жолу менен токтотушту. Бул туурасында РИА Новости Франс Пресске шилтеме кылып билдирди. 

Аталган өлкөдө балдарга карата жасалган эвтаназияга коюлган чекти алып салган мезгилден – 2014-жылдан берки биринчи окуя.

Бул туурасында Эвтаназия боюнча федералдык комиссиянын башчысы Вим Дистельманс билдирип, бул өзгөчө окуя болгондугун айтты. 

"Бактыга жараша, балдарды эвтаназия менен өмүрүнөн ажыратуу өтө аз кездешет. Бирок, бул жашоону татыктуу жол менен аяктоодон баш тартуу дегенди түшүндүрбөйт", — деди Дистельманс.

Бельгия — өлүмгө алып келген дартка чалдыккандардын жашоосун токтотуу практикасы колдонулуп келген жападан жалгыз мамлекет. Эвтаназия кылууга берилген арыз дарыгерлер жана көз карандысыз эксперттер тарабынан каралып, балдардын ата-энесинин уруксаты менен ишке ашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0