Мел Гибсон тогузунчу баласын күтүп жатат

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүЗакрытие 69-го Каннского фестиваля
Закрытие 69-го Каннского фестиваля - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
60-жаштагы актердун учурда сегиз баласы бар. Алардын улуусу 36 жашта болсо, кичүүсү алтыга чыкты.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Голливуддун белгилүү актеру Мел Гибсон тогузунчу баласын күтүп жатканын РИА Новости маалымат агенттиги People журналына таянуу менен билдирди.

Буга чейин айрым басылмалар Гибсондун 25 жаштагы дос кызы Розалинд Росс кош бойлуу экенин жазып чыгышкан. Эми бул маалыматты актердун жакындары да тастыкташты. Алардын айтымында Росс 2017-жылдын башында көз жарат.

"Мел ата болуу бактысына туш болуп, Розалинд экөө ымыркайды чыдамсыздык менен күтүп жатат", — деп актердун жакындары айтышууда.

60 жаштагы актердун сегиз баласы бар. Жетөө мурдагы аялы Робин Мурдан болсо, бир кызы ырчы Оксана Григорьевадан. Гибсонду улуу баласы 36 жашта, ал эми кичүүсү алты жашта экенин TMZ маалымат порталы жазып чыкты.

Мел Гибсон "Оскар" сыйлыгынын эки ирет лауреаты болгон. Андан сырткары киноиндустриясындагы эң салмактуу делген ондон ашык сыйлыкка татыган. Ал 50дөн ашык тасмада роль жараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0