Түрктөр Евробиримдикке кошуларына толук көзү жетпейт

© AP Photo / OSMAN ORSALЕвробиримдик менен Түркиянын желектери. Архив
Евробиримдик менен Түркиянын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Стамбул, Анкара жана Измир шаарларында жүргүзүлгөн сурамжылоого 1198 киши катышкан.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Түркияда өлкөнү Евробиримдикке кирет деп ишенбегендердин саны бир жылда 64 пайызга жетти. Мындай жыйынтык Түркиянын билим берүү жана илимий изилдөөлөр боюнча европа фонду жүргүзгөн иликтөөдө айтылат деп жазат РИА Новости агенттиги 

Түркиянын Европа биримдигине киришине көзү жетпеген жергиликтүү тургундардын саны көбөйүп кеткен. Былтыр бул көрсөткүч 48 пайыздын деңгээлинде болчу.

Ошондой эле Түркия Евробиримдикке кириши керек дегендердин саны 56 пайызды түзөт.

Бүтүрүүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Европалыктар өз өлкөсүндөгү билим берүү системасына канааттанбайт
Сурамжылоого катышкандардын 56 пайызы Түркиянын мүчө болушуна Германия жолтоо кылып жатат деген ойдо. Ал эми 23 пайызы Франция каршылык көрсөтүүдө деген пикирде. Ошондой эле респонденттердин 38 пайызы Түркиянын премьер-министри Евробиримдикке кирүү үчүн эч кандай алгылыктуу аракеттерди көрбөй жатат деп ойлойт.

Стамбул, Анкара жана Измир шаарларында жүргүзүлгөн сурамжылоого 1198 киши катышкан.

Түркия менен Европа биримдигинин ортосунда кызматташуу келишими 1963-жылы түзүлгөн. Ал эми мүчөлүккө алуу боюнча арызды расмий Анкара 1987-жылы берген. Бирок мүчөлүккө кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөр 2005-жылы гана башталган. Ошондон бери тараптар Түркия мүчөлүккө кабыл алынуусу үчүн аткарылышы зарыл болгон 35 техникалык пунктун 16сы гана макулдашылган.

Түркиянын ЕБге мүчөлүккө кабыл алынышы боюнча сүйлөшүүлөр бир нече жолу кийинкиге калтырылган. Эң негизги тоскоолдук Түркиянын Кипр маселесиндеги жеке пикири болууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0