Австралиялык кыз Facebook тармагына чыккан сүрөттөрү үчүн ата-энесин сотко берди

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүЖаш бала. Архив
Жаш бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыздын ата-энеси кызынын 500 сүрөтүн социалдык тармакка жүктөп коюшкан. Эгер сот кыздын пайдасына чечим чыгарса, ата-энеси акчалай компенсация төлөп бериши керек болот.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Австралиянын 18 жаштагы жараны (аты айтылган жок) ата-энесин социалдык тармакка анын бала кездеги сүрөттөрүн жүктөп салгандыгы үчүн сотко кайрылды. Бул тууралуу The Local аттуу жергиликтүү интернет басылма жазып чыкты 

Доочунун пикиринде 2009-жылдан баштап ата-энеси Интернетке анын 500дөй сүрөтүн жайгаштырышкан. Балалыгындагы сүрөттөрдүн арасында "абдан ачык" сүрөттөр дагы бар болчу.

"Ата-энем кичинемдеги менин жылаңач түшкөн сүрөттөрүмдү жайгаштыруу менен мени коомчулукка уятка калтырды", — дейт арыз жазган кыз. 

Ал эми ата-эне сүрөттөрдүн автору болгондуктан, аларды жүктөөгө укуктары бар экенин жүйө келтиришүүдө. Эгер сот кыздын пайдасына чечим чыгарса, ата-энеси акчалай компенсация төлөп бериши керек болот. Соттун биринчи отуруму ноябрь айына белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0