Кытайда авиашоу учурунда учак жарылып кетти

© flickr.com / PrayitnoУчактын канаты. Архив
Учактын канаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учак эмнеден улам кулап кеткендигинин себептери азырынча айтыла элек.

БИШКЕК, 15-сен. – Sputnik. Кытайда авиашоу учурунда учак жарылып кеткен, андан жабыр тарткандар боюнча маалыматтар түшө элек. Бул туурасында РИА Новости Синьхуа агенттигине таянып кабарлады.

Агенттиктин билдиргенине караганда, кырсык Хэбэй провинциясындагы Шицзячжуан шаарында болгон.

Учактын эмнеден улам кулап кеткендигинин себептери жана андан жабыр тарткандар туурасында маалымат бериле элек. 

Жаңылыктар түрмөгү
0