Стивен Сигал жакын арада Россиянын жарандыгын алышы мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековАмерикалык актер жана продюсер Стивен Сигал. Архив
Америкалык актер жана продюсер Стивен Сигал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атактуу актер Россияда бизнес кылууга жакшы шарттар түзүлгөн деген ойдо.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Америкалык актер жана продюсер Стивен Сигал жакынкы күндөрү Россиянын жарандыгын алышы мүмкүн. Бул туралуу актер Түштүк Сахалиндеги "Край света" кинофестивалына келген учурда билдиргендигин РИА Новости жазып чыкты. 

"Мен жыл сайын бир канча ай досторум менен Россияда жашагым келет. Андыктан Россиянын жарандыгын алчу күн дагы алыс эмес. Ал эми Сахалинде бизнес кылууга жакшы шарттар бар. Мындан сырткары, Японияга чектеш жайгашканы да ыңгайлуу", — деди Сигал.

Стивен Сигал Сахалин шаарында 17-сентябрга чейин болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0