Европа журналисттери депутаттардан чыгымдарынын эсеп-чотун талап кылууда

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүЕвробиримдигинин желеги. Архив
Евробиримдигинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Европа парламентиндеги депутаттардын ар бирине ай сайын кеңсе чыгымдары үчүн деп 4 миң 320 евро бөлүнөт.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Европа биримдигиндеги 28 мамлекеттин Журналисттер тобу Европарламенттин депутаттарынан кеңсе чыгымдары үчүн бөлүнгөн каражаттын эсеп-чотун берүүнү сот аркылуу талап кылууга аракеттерди көрүп жатат. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди. 

"Европа парламенти салык төлөөчүлөрдөн алынган 38,7 миллион еврону каалагандай коротуп, анын эсеби алынбайт. Мындай аракет бизди тынчсыздандырат. Анан калса депутаттардын бул каражатты коротуу катардагы көрүнүш дегендей мамилеси кыжырды келтирет", — дейт журналист Наташа Пирк Мусар.

Евробиримдиктин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Евробиримдик 2020-жылга чейин Кыргызстанга 200 млн. евро бөлөт
Европа парламентиндеги 751 депутаттын ар бирине ай сайын бул максатта 4 миң 320 евро бөлүнөт. 

Журналисттер бул каражат максатсыз пайдаланылып жатат деп эсептешет. Депутаттар чыгымдары боюнча журналисттерге маалымат берүүдөн баш тартышкан. Алардын мындай кадамы журналисттерди сотко кайрылууга мажбур кылган. 

Европарламенттин депутаттары салыктарды эске албаганда 8 миң 20 евродон айлык алат.

Эгер депутаттарга ай сайын кеңсесин кармоо үчүн бөлүнгөн каражат жоюлса Европа Биримдигинин бюджети 200 миллиондой еврону үнөмдөмөк.

Жаңылыктар түрмөгү
0