Алма сатып согушкерлерге акча жөнөтүп турган жигитке өкүм чыкты

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүАлма сатуучу. Архив
Алма сатуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соодадан түшкөн акчаны Азербайжанда туулган Гачай Гажиев "Улуу Сириянын согушкерлери" деп аталган террордук уюмга жөнөтүп турган.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Россиянын Жогорку соту сириялык согушкерлерге алма сатып акча жагынан жардам берип жүргөн Липецк облусунун тургунуна карата өкүм чыгарды. Бул туурасында РИА Новости сот залынан кабарлады.  

Буга чейин ал киши беш жыл мөөнөткө абакка кесилген.

"Сот Липецк облусунун тургунуна карата террорчуларды каржылап келген деп буга чейин чыккан өкүмдү негиздүү жана мыйзамдуу деп тапты", — деп айтты соттун өкүлү. 

Тергөөнүн жыйынтыгына караганда, алма сатуудан түшкөн акчаны Азербайжанда туулган Гачай Гажиев "Улуу Сириянын согушкерлери" ("Жунд аш-Шам") деп аталган террордук уюмга жөнөтүп турган. Аталган топту Россиянын Жогорку соту террордук деп таап, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. 

“Ислам мамлекети” террордук уюмунун желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЦРУ башчысы: "Ислам мамлекетине" кошулгандар азайып бара жатат
Ал эми соттолуп жаткан адамдын тарапкерлери ал акчаны Сириядагы бир тууганына салып жүргөндүгүн, ал эми анысы дайынсыз болуп кеткенден соң аталган өлкөдө жашап жаткан үй-бүлөсүнө жөнөткөндүгүн айтышты.

Ал арада Азербайжандын атайын кызматтары Гажиевдин бир тууганы "Сумгаит жамааты" деп аталган өлкөдөгү жашыруун иш алып барган, "Кавказ эмираты" деп аталган террордук уюмга байланышкан топтун амири болгондугун айткан. Ал эми Жакынкы Чыгышта ал "Улуу Сириянын согушкерлери" деп аталган террордук уюмдун катарында жүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0