Пакистандагы айт намазда жанкечти өзүн өзү жардырып жиберди

© Sputnik / Пахомов / Медиабанкка өтүүСотрудники полиции Пакистана. Архивное фото
Сотрудники полиции Пакистана. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Укук коргоо орган кызматкерлери экинчи терактынын да алдын ала алышты.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Пакистандын Шикарпур шаарынын Синд кыштагында болгон майрамдык намазда жанкечтинин өзүн-өзү жардырып жиберүүсүнөн 10 адам жабыр тарткан. Бул тууралуу өлкөнүн маалымат каражаттарына таянып, РИА Новости жазып чыкты. 

Жардыруу болгон аймак - Sputnik Кыргызстан
Түркиянын Ван аймагындагы жардыруудан жабыркагандардын саны 50гө жетти
Полициянын маалыматына ылайык, жан кечтинин жанында дагы бир кишт болгон. Жардыруу болгондон кийин ал окуя болгон жерден качып кеткен.

Мындан тышкары, тартип сакчылары уюштурулуп жаткан экинчи терактынын ишке ашуусуна жол берген жок. Шииттердин аза зыйнаты өтүп жаткан жерге кол салууну пландагандар шектүү көрүнгөндүктөн, имараттын ичине киргизилген эмес. Ал кишилер полициядан качканга аракет жасашкандыктан, бирөө өлтүрүлүп, бирөө колго түшүрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0