Индияда суу тартыштыганан баш аламандык чыгып, бир киши каза болду

© REUTERS / ABHISHEK CHINNAPPAИндиядагы нааразычылык акциясынын катышуучулары
Индиядагы нааразычылык акциясынын катышуучулары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Индиянын эки штатында суунун тартыштыгынан улам чыккан баш аламандык тээ колониялдык убактан бери эле уланып келет. Өзгөчө кургакчылык болгон жылдары жаңжал курчуйт.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Индиянын Карнатака штатындагы Бангалор шаарында суунун тартыштыгынан улам чыккан жаңжалдан кеминде бир киши каза болуп, бирөө жаракат алганын РИА Новости агенттиги Рейтерге шилтеме берүү менен билдирди.

Баткен: байыркы чарпалектерди жаңысы алмаштырып, какыраган жерлер жандана баштады - Sputnik Кыргызстан
Баткен: эски чарпалектерди жаңысы алмаштырып, какыраган жерлер жандана баштады
Буга чейин маалымдалгандай Карнатака штатындагы баш аламандыктар Жогорку соттун коңшу Тамилнад штатына суу сактагычтагы сууну коё берүү боюнча чечими чыккандан кийин курчуп кеткен.

Каршылык акциясына чыккандар машиналарды ала салдырып, өрттөп, кишилерди таш менен урушкан. Агенттиктин маалыматы боюнча 15 полиция кызматкери жаракат алган.

Өлкөдө акыркы үч жылдан бери жаанчыл мезгилде жамгыр аз болгондуктан агрардык тармак жапа чегип келет. Учурда жааган жаандын көлөмү нормадан 5 пайызга аз экенин тийиштүү адистер билдиришүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0