Түркиянын Ван аймагындагы жардыруудан жабыркагандардын саны 50гө жетти

© REUTERS / REUTERS TVЖардыруу болгон аймак
Жардыруу болгон аймак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бийлик жардырууну Күрдстан жумушчу партиясы жасады деген пикирин айтууда.

БИШКЕК, 12-сен. – Sputnik. Түркиянын чыгышында жайгашкан Ван аймагындагы жардыруудан жабыркагандардын саны 50гө жетти. Бул тууралуу РИА Новости Ван провинциясынын губернатору Ибрагим Ташъяпанга таянуу менен жазып чыкты. 

Жабыркагандардын арасында төрт полиция кызматкери жана төрт Иран жараны бар. 

Эске сала кетсек, кечээ, 12-сентябрь күнү Ванда унаа жарылып, бир канча адам жабыркагандыгы айтылган.

"Полиция имаратынын жанына токтотулган унаа 10 секунддан кийин дистанциондук пульттун жардамы менен жарылган. Андан 50 адам жаракат алды. Экөөсүнүн абалы оор бойдон калууда", — деди Ташъяпан. 

Намаз кылып аткан мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркияда намаз учурунда мечиттеги асма чырак түшүп кетип, 11 киши жарадар болду
Бийлик жардырууну Күрдстан жумушчу партиясы жасады деген пикирин айтууда. Түркия бийлиги ишмердүүлүгүнө тыюу салынган Күрдстан жумушчу партиясын өлкө ичиндеги көптөгөн терактыларды уюштурган деп айыптап келет. 2015-жылы КЖП менен кагылышуудан 700 аскер жана милиция кызматкерлери каза тапкан. Ал эми өлкө бийлиги бүгүнкү күнгө чейин 6000ден ашуун козголоңчуну жок кылганын айтып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0