Индия менен АКШ биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрөт

© Sputnik / Дмитрий Астахов / Медиабанкка өтүүИндиянын аскер техникасы. Архив
Индиянын аскер техникасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Машыгуулардын сценарийи боюнча Уттаракханд районунда террорчулукка каршы операция жасалат.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Сентябрь айында Уттаракханд штатында Индия менен АКШ биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрөт. Бул туурасында РИА Новости Economic Times басылмасына шилтеме берип маалымдады. 

"Салгылашуу илими-2016" деген аталыштагы 14-сентябрда башталып, 27сине чейин уланат. Ага эки тараптан 225 аскер кызматкерлери катышат.

"Бул узакка созулган аскердик машыгуулар. Анын башкы максаттарынын бири Индия менен АКШ аскердик жаатта өз ара иш алып барышы. Бул биргелешкен 12-машыгуу, кезек менен эки өлкөдө өткөрүлүп турат", — деп билдирди атын атагысы келбеген аскер кызматкери. 

Машыгуулардын сценарийи боюнча Уттаракханд районунда террорчулукка каршы операция жасалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0