Япониянын чыгышында магнитудасы 5,2ге жеткен жер титирөө болду

© REUTERS / KYODOЖер титирөөдөн жабыркаган жол. Архив
Жер титирөөдөн жабыркаган жол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зилзала аймагындагы Фукусимада жайгашкан АЭСтен кооптондурган кабар түшкөн эмес.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Япониядагы Хонсю аралындагы Ибараки префектурасынан чыгышты көздөй кеткен аймакта магнитудасы 5,2ге жеткен жер силкинүү болду. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.  

Япониядагы жер титирөөдөн 361 тарыхый-маданий жай жабыркаган
Жер жергиликтүү убакыт менен алганда 20.53те титиреген. Анын очогу суунун 50 метр тереңдигинде деп билдиришти Япониянын Башкы метеорологиялык агенттигинен. 

3 баллдык силкинүү Токио шаарында жана дагы Ибараки, Тотиги, Саитама, Фукусима сыяктуу 11 прфектурада байкалган. 

Жабырлангандар жана келтирилген зыян туурасында маалыматтар жок. Зилзала аймагындагы АЭСтен кооптондурган кабар келген эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0