Сирияда террордук уюмдун башчысы өлтүрүлдү

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүСирия. Архив
Сирия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка караганда сокку Алеппо кыштагындагы сириялык көтөрүлүшчүлөрдүн лидерлеринин кездешүүсү учурунда жасалган.

БИШКЕК, 9-сен. — Spunik. Сириянын түндүк батышында "Жебхат ан-Нусра" жана "Жеңүүчүлөрдүн армиясы" террордук уюмдарынын түптөөчүлөрүнүн бири таанылбаган учактын абадан жасаган соккусунан улам жан таслим болду. Бул туурасында РИА Новости Синьхуа агенттигине шилтеме кылып кабарлады. 

Түркиянын полиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркия "Ислам мамлекетине" тиешеси бар делген шек менен 6 миң адамды кармады
Агенттиктин маалыматына караганда сокку Алеппо кыштагындагы сириялык көтөрүлүшчүлөрдүн лидерлеринин кездешүүсү учурунда жасалган.

Мындан бир нече козголоңчу жана террордук уюмдардын негиздөөчүлөрүнүн бири жана дагы бир командир каза тапкан.

"Жебхат Фатах аш-Шам" террордук уюмунун жок кылынган командири мурда Абу Омар Саракеб (Abu Omar Saraqeb) деген ат менен белгилүү болгондугун Рейтер агенттиги жазды.

Жаңылыктар түрмөгү
0