Пекинде мушташ чыгып бир киши адамды бычактап салды

Жазылуу
Полиция коомчулукка аны таап келгендерге акчалай сыйлык бере турганын айтты.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Пекиндин жака-белиндеги аймакта эркек кишилер арасында чыр чыгып, бирөөсү калган бешөөнү бычактап салган. Бул туурасында РИА Новости Weio тармагына шилтеме кылып жазды.  

Улуу кытай дубалы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Пекиндеги атактуу Кытай дубалынын көздөн далдоо жерлери коргоого алынат
Чыр түндүн бир оокумунда Фаншань районунда болгон. Бычакташуудан кийин полиция башкаларга кол салган кишини аныктады. Ал 58 жаштагы жергиликтүү жашоочу болуп чыкты. Окуядан кийин качып кеткендиктен, учурда тартип сакчылары анын изине түшүп, издеп жатат.

Ал тургай коомчулукка маалымдалып, аны таап келгендерге акчалай сыйлык каралды. Полиция чырдын эмнеден чыккандыгы такталып жатканын билдирди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0