Аракечтик жана бейбаштык үчүн жазаны күчөтүү сунушталып жатат

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүАрак куюп жаткан бармен. Архив
Арак куюп жаткан бармен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Административдик айып пулдун көлөмү 10 эсеге көбөйүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги депутаттардын тобу антисоциалдык жүрүм-турум үчүн айып пулду жогорулатуу боюнча мыйзам долбоор иштеп чыгышты. 

Отургучта отурган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар "ак кол, ак чүч" аялдар кайсы мамлекетте көп экенин аныкташты
Эл өкүлдөрүнүн айтымында, азыркы айыптар аз болгондуктан ал жакшы иштебей жатат. Айып пулду жогорулатуу жаштардын жүрүм-турумун жакшыртып, деги эле коомго жакшы таасир берет. 

Бейбаштык үчүн салынчу административдик айып 100-300 сомдон 1000-3000 сомго чейин он эсе жогорулашы мүмкүн. Өспүрүмдөрдү бузгандар көчө шыпырып жана 10 миң сомго чейин айып төлөп калышы ыктымал. Мыйзам долбоорунда арак ичкен өспүрүмдөргө өзгөчө көңүл бурулган. Мындай балдардын ата-энелери азыркыдай 100-200 сом төлөбөй, 2-3 миң сом төлөп калат. 

Андан сырткары, депутаттар бир гана айып пулдун көлөмүн жогорулатып тим болбостон, тартип бузгандарды көчө шыпыруу сыяктуу коомдук иштерге тартуу керектигин да айтышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0