КМШ аймагында 5 миңден ашуун террорчу изделип жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМ кызматкери ит менен. Архив
ИИМ кызматкери ит менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы убакта КМШНын Антитеррордук борбору изделип жаткан 1,2 миң жарандын кайда экенин аныктаган.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги уюмунун Антитеррордук борбору терроризмге тиешеси бар беш миңден ашуун адамды издеп жатканын Sputnik Молдова борбордун жетекчиси Андрей Новиковго таянуу менен билдирди.

Анын айтымында, борбордогу маалымат банкына террорчулук үчүн эл аралык издөөгө алынган жарандар тууралуу бардык маалымат кирген. 

"Бүгүнкү күндө КМШнын алкагында 5 миңден ашуун жаран изделип жатат. Акыркы убакта аталган борбор 1,2 миң террорчунун кайда экенин аныктаган", — деди Новиков Петербургдагы ички иштер министрлеринин Кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып.

Аталган Кеңеш 1996-жылы 19-январда түзүлүп, кылмыштуулукка каршы аракеттерди координациялоо милдетин аткарат.

Жаңылыктар түрмөгү
0