Тажикстандын экс-полковниги "Ислам мамлекетинин" армиясын жетектеп калды

© REUTERS / STRINGER"Ислам мамлекетинин" желеги. Архив
Ислам мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Халимовдун кайда экенин аныктоо үчүн Америка бийлиги үч миллион доллар сыйлык жарыялаган.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Тажикстандын атайын даярдыктагы аскер бөлүмүн жетектеп келген мурунку полковник Гулмурод Халимов "Ислам мамлекети" террористтик тобунун армиясын башкарып калганын Ирактын Al Sumaria телеканалына таянуу менен РИА Новости жазып чыкты. 

Эскерте кетсек, былтыр жаз айларында Халимов ИМ тарабына өтүп кеткен. Терроризмге каршы күрөшүү боюнча АКШ менен Россияда уюштурулган атайын окуудан өтүп келген Халимовдун кайда экенин аныктоо үчүн Америка бийлиги үч миллион доллар сыйлык жарыялаган. Террорчу Тажикстан менен Интрепол тарабынан да издөөгө алынган.

"ИМде мурунку аскер башчы Абу Умар аш-Шишани өлтүрүлгөндөн кийин армияны тажик Гулмурод Халимов башкарып калды деген сөз жүрүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Өзүн Абу Умар аш-Шишани деп атаган грузиялык Тархан Батирашвилинин жок кылынганы тууралуу мартта Пентагон жар салган. Оперция Сириянын Эш-Шаддад шаарынын аймагында жүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0