Кытай менен Түркия терроризм жаатындагы кызматташууну бекемдөө максатында

© REUTERS / Lintao Zhang/PoolКытайдын лидери Си Цзиньпин ишемби күнү Түркиянын президенти Тайип Эрдоган
Кытайдын лидери Си Цзиньпин ишемби күнү Түркиянын президенти Тайип Эрдоган - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркия президенти Анкара Кытайга G20 саммитин ийгиликтүү өткөрүүгө көмөк көрсөтө турганын билдирди.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Кытайдын лидери Си Цзиньпин ишемби күнү Түркиянын президенти Тайип Эрдоган менен террорчулукка биргелешип күрөшүү жаатындагы маселени талкуулады. Бул туурасында РИА Новости Кытайдын тышкы иштер министрлигине шилтеме берип билдирди. 

Жолугушуу 4-5 сентябрда өтүүчү G20 саммитинин алдында Ханчжоу шаарында болду. 

"Кытай эки өлкөнүн коопсуздук жана террорчулук жаатындагы күрөш боюнча кызматташуусуна жана анын майнаптуу болоруна ишеним артып турат", — деп билдирди Си Цзиньпин.

Ал Кытай менен Түркиянын стратегиялык өнөктөш катары мамилени дагы арттыруу зарылдыгын айтты.

"Түркия Кытайдын мамлекеттик коопсуздук жана социалдык туруктуулук боюнча көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазылык билдирет. Биз энергетика, авиация, айыл чарбасы, туризм, жана террорчулукка каршы күрөшүү жаатында кызматташууну тереңдетүү ишениминде турабыз", — деп айтты Эрдоган.

Түркия президенти Анкара Ханчжоу шаарындагы G20 саммитин ийгиликтүү өткөрүүгө көмөк көрсөтө турганын билдирди.

Саммит 4-5 сентябрга белгиленген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0