Түркия премьери Каримовдун өлүмүнө байланыштуу көңүл айтты

© AFP / ADEM ALTANТүркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым. Архив
Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бинали Йылдырым бул маалыматты кайдан укканын айткан жок.

БИШКЕК, 2-сент. — Sputnik. Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым жума күнү Өзбекстан президенти Ислам Каримовдун өлүмүнө байланыштуу көңүл айтты. Бирок мындай маалыматка кайдан ээ болгонун билдирген жок. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. 

"Өзбекстандын президенти Ислам Каримов көз жумду. Жаткан жери жайлуу болсун. Түркиянын атынан өзбек калкына көңүл айтам", — деп билдирген Йылдырым. 

Жума күнү эртең менен Өзбекстандын министрлер кабинети Каримов инсульт алып ооруканага жаткырылганын маалымдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0