Түркиядагы атышуудан Күрдстан жумушчу партиясынын 20 мүчөсү каза тапты

© AFP / OZAN KOSEТүркиянын полиция кызматкери. Архив
Түркиянын полиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркия бийлиги ишмердүүлүгүнө тыюу салынган Күрдстан жумушчу партиясын өлкө ичиндеги көптөгөн терактыларды уюштурган деп айыптап келет.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Түркиядагы атышуудан күч түзүмүнүн бир аскери жана тыюу салынган Күрдстан жумушчу партиясынын (КЖП) 20 мүчөсү каза тапты. Бул тууралуу Haberturk телеканалына таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Түркияда төңкөрүш аракетинен кийинки абал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркияда төңкөрүш аракетинен кийин дагы 820 аскер адамы бошотулду
Маалыматка ылайык, мындан тышкары, атышуудан алты түрк аскери жарадар болгон.

Эскерте кетсек, Түркия бийлиги ишмердүүлүгүнө тыюу салынган Күрдстан жумушчу партиясын өлкө ичиндеги көптөгөн терактыларды уюштурган деп айыптап келет. 2015-жылы КЖП менен кагылышуудан 700 аскер жана милиция кызматкерлери каза тапкан. Ал эми өлкө бийлиги бүгүнкү күнгө чейин 6000ден ашуун козголоңчуну жок кылганын айтып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0