Араб Эмирлигинде стюардессаны өөп жиберген кишини түрмөгө отургузушту

Жазылуу
Ызаланган 25 жаштагы стюардесса Дубайга конору менен полицияга арызданган.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Селфи жасап жатып, стюардессаны өөп жиберген кишини Дубайдын соту үч ай түрмөгө отургузуу чечимин кабыл алды. Бул туурасында РИА Новости The National басылмасына шилтеме берип кабарлады.  

Түркиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркия балдарга сексуалдык ыдык көрсөткөндөргө карата жазаны күчөтөт
Сот Танзаниянын 42 жаштагы жаранын кыздарга тийишкен деген айып менен абакка салды. Сотто ал стюардессаны бир өөп алганын моюндап, бирок асылды деген айыпты такыр тааныбай тургандыгын айтты. 

Окуя 11-апрелде Emirates деп аталган авиакомпаниянын учагынын ичинде болгон. Алгач танзаниялык эркек стюардессаны селфи жасоого көндүргөн да, сүрөткө түшүп жатып кызды өөп жиберген. Ызаланган жыйырма беш жаштагы стюардесса окуя тууралуу учак Дубайга конору менен полицияга билдирген. Өпкүч эркек үч ай түрмөдө отуруп, жазасын өтөгөндөн кийин өлкөсүнө куулуп чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0