Түркияда төңкөрүш аракетинен кийин дагы 820 аскер адамы бошотулду

© REUTERS / Alkis KonstantinidisТүркияда төңкөрүш аракетинен кийинки абал. Архив
Түркияда төңкөрүш аракетинен кийинки абал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошентип окуя башталган тарта Түркияда иштен айдалган аскер адамдарынын саны төрт миңден ашты.

БИШКЕК, 2-сен. – Sputnik. Өлкөдө төңкөрүш аракетинен кийин дагы 820 аскер адамдары кызматынан бошотулду. Бул туурасында РИА Новости өлкөнүн Коргоо министрлигине шилтеме берүү менен кабарлады. 

Түркияда төңкөрүш кылууга аракет кылган диний үгүттөөчү Фетхуллах Гүлен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Азербайжан бийлиги Гүлендин бардык тарапташтарын табаарын убада кылды
Ошентип окуя башталган тарта Түркияда иштен айдалган аскер адамдарынын саны төрт миңден ашты. 

16-июлга караган түнү Стамбул менен Анкара шаарларында козголоң чыгып, аскердик төңкөрүш жасоого аракет болгон. Бийликтин көргөн чарасы менен ал ишке ашпай, акыркы маалыматтар боюнча 300гө чукул киши каза болгон. Мындан тышкары, эки миңден ашуун адам ар кандай жаракат алган. 

Түркия бийлиги бул аракеттерге диний үгүттөөчү Фетхуллах Гүлендин тийиштиги бар экендигин айтып, АКШдан аны экстрадиция кылууну талап кылган. Ал эми Гүлен козголоңду айыптап, ага катыштыгы жок экендигин айткан.  

Жаңылыктар түрмөгү
0