Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кытайдын бийлиги "туура эмес" кабарларды телерадиого чыгарууга тыюу салды

© AP Photo / Andy WongКытай мамлекетинин желеги. Архив
Кытай мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңылыктарда Батыштын жашоо образына ачыктан ачык суктануу болбошу керек деген талап коюлган.

БИШКЕК, 30-авг. – Sputnik. Кытайдын бийлиги телерадионун эфиринен "анча позитивдүү эмес жана эстетикалык баалуулугу төмөн" социалдык жана көңүл ачуучу маалыматтар менен күрөшөт. Бул туурасында РИА Новости Синьхуа агенттигине шилтеме берүү жазып чыкты.

Монах. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайда жарым миңден ашуун жалган кечилдин бети ачылды
Кытайдын басма сөз, телерадио боюнча атайын мамлекеттик органынын талабы менен жаңылыктарды көтөрүңкү маанай көбүрөөк болушу зарыл, өлкө идеологиясын таратууда басыңкы маанайдагы кабарлар коштобошу керек. 

Аталган орган мындан кийин эми өлкөдөгү бардык эфирлердеги жаңылыктарга көз кырын салып турмакчы. 

Жаңылыктарда элдин салт-санаасына көлөкө түшүрүлбөшү, аны менен кошо Батыштын жашоо образына ачыктан ачык суктануу болбошу керек деген талап коюлган.

Мындан сырткары, жаңылыктарда жылдыздарды, миллиардерлерди, интернет-атактууларды көкөлөтпөө жана алардын жеке жашоосунан сенсация издебөө талаптары бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0