Түркиянын Диярбакыр шаарындагы аэропорт ракеталык аткылоого тушукту

© REUTERS / Osman OrsalТүркиянын полиция Кызматкери. Архив
Түркиянын полиция Кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышка өлкөдө тыюу салынган Күрдстандын жумушчу тобу партиясы шектелип жатат.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Түркиянын түштүк-чыгышында жайгашкан Диярбакыр шаарындагы аэропорттун имаратын көздөй төрт ракета атылгандыгы тууралуу РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Алдын ала маалыматка караганда аткылоодон эч ким жабыркаган эмес. Жүргүнчүлөр менен аэропорттун кызматкерлери коопсуз жерге жеткирилди.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда чабуулдун негизги максаты полициянын текшерип өткөрүүчү пунктун талкалоо болуп эсептелген.

Кылмышка өлкөдө тыюу салынган Күрдстандын жумушчу тобу партиясы шектелип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0