Түркияда намаз учурунда мечиттеги асма чырак түшүп кетип, 11 киши жарадар болду

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүНамаз кылып аткан мусулмандар. Архив
Намаз кылып аткан мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүрбөлөңгө түшкөн мечиттин кызматкерлери менен намазга келгендер жарадар болгондорду эшикке чыгарып, Тез жардам чакырган.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Намаз окуп жаткандардын үстүнө мечиттин шыбындагы асма шам түшүп кетип, 11 киши жаракат алган. Окуя Түркиянын Кайсери шаарындагы ири мечиттеринин биринде болгон. Бул туурасында РИА Новости Haberturk каналына шилтеме кылып жазды. 

Непалдагы тез жардам унаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Непалда эки жаштын тоюна бараткан автобус жардан кулап кетти
Мечиттеги окуяга күбө болгондордун айтымында, көлөмдүү, тегерек формадагы асма шам эңкейип намаз окугандардын дал башына түшкөн. Дүрбөлөңгө түшкөн мечиттин кызматкерлери менен намазга келгендер жарадар болгондорду эшикке чыгарып, Тез жардам чакырган. Жетип келген дарыгерлер аларга алгач медициналык биринчи жардамды көрсөтүп, андан кийин ооруканага алып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0