Түркиянын Жизре шаарында жүк ташуучу унаа жарылып, 11 полиция каза тапты

© AFP / STR / DOGAN NEWS AGENCYТүркиянын Ширнак провинциясындагы Жизре шаарында жүк ташуучу автоунаа жарылышы
Түркиянын Ширнак провинциясындагы Жизре шаарында жүк ташуучу автоунаа жарылышы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлиги 70 кишинин жарадар болгонн, алардын ичинен төртөөнүн абалы оор экендигин билдирген.

БИШКЕК, 26-авг. – Sputnik. Түркиянын Ширнак провинциясындагы Жизре шаарында жүк ташуучу автоунаа жарылып, полициянын 11 кызматкери каза тапты. Бул туурасында Sputnik Түркия кабарлады. 

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги 70 кишинин жарадар болгонун, алардын ичинен төртөөнүн абалы оор экенин билдирген. Алар Жизре шаарындагы ооруканага жеткирилген. 

Анкаранын Гювен-парк аттуу аялдамада болгон жардыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркиядагы жарым жыл ичиндеги терактылар. Бейажал кеткен өмүрлөр
Жарылуу өлкөнүн түштүк-чыгыш аймагында, полициянын көзөмөл өткөрүүчү жайынын жанында болгон. Анын кубаты күчтүү болгондуктан, бутага алынган имарат толугу менен талкаланган. 

Түркиянын бийлиги бул терактыны Күрдстандын жумушчулар партиясынын согушкерлери жасады деген пикирди билдирди.

Буга чейин 18-августта Түркиянын Ван жана Элазык аймагында, ал эми 21-августта Газиантеп шаарында той учурунда жарылуу болуп, адам өмүрүн алган. 

Расмий Анкара 2015-жылы июль айында Түркияда күрддөрдүн аталган партиясына каршы масштабдуу операциясын баштаган. Көтөрүлүшчүлөр менен кагылышууда 350 аскер менен полиция курман болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0