Филиппиндик террорчулар барымтага алган баланын башын кесип таштап кетишти

© AP Photo / File. Филиппиндеги "Абу Сайяф" деп аталган террордук тобу. Архив
. Филиппиндеги Абу Сайяф деп аталган террордук тобу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баланын кесилген башын желим баштыкка ороп, мотоциклчендер жакын арадагы айылдын четине ыргытып кетишкен

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Филиппиндеги "Абу Сайяф" деп аталган террордук топтун мүчөлөрү мындан бир нече күн мурда барымтага алган 18 жаштагы Патрик Альмодаварды өлүм жазасына тартты. Бул туурасында РИА новости GMA News деп аталган интернет порталга шилтеме берүү менен кабарлады. 

"Баланын кесилген башын желим баштыкка ороп, мотоциклчендер жакын арадагы айылдын четине ыргытып кетишкен", — деп айтылат GMA News берген маалыматта.

Кезектеги өлүм жазасы туурасында уккан өлкө президенти тартип коргоо органдарына өлкөнүн түштүгүндө массалык операцияларды жүргүзүп, "Абу Сайяфтын" баш кесерлерин таап, жок кылууну буюрду.

Буга чейин террордук уюмдун чеңгелинен индонезиялык эки балыкчы качып кутулган. 

Ирак желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ирак 2014-жылы авиабазадагы кыргындагы айыпкерлерди өлүм жазасына тартты
"Абу Сайяфтын" 1990-жылдары "Аль-Каиданын" лидери Усама бен Ладендин каражатына негизделгендиги айтылат. Өлкөнүн чалгын кызматы 2004-жылдардын башында аталган уюм Филиппиндердин тарыхында эң ири, 400гө чукул кишинин өмүрүн алып кеткен теракты жасаган деп айтылат. Алар "Суперферри-14" деп аталган паромду жардырып жиберген. 

Бул топ жай жарандарды уурдап, акча талап кылып келет. Алар айтылган саатта акчаны бербеген учурда барымтадагы кишинин башын алып койгондугу менен белгилүү. Террорчулар буга чейин Канаданын эки жаранын өлүм жазасына тарткан. 

Филиппиндердин басылмаларынын маалыматына караганда, "Абу Сайяф" дагы тогуз индонезялыкты, Малайзиянын беш жаранын, бир норвегиялыкты, бир голландиялыкты барымтада кармап отурат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0