Таштандыга түшкөн чаң соргучтун ичинен жарым миллион евро табылды

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүЕвро. Архив
Евро. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Табылганы Польшанын таштанды тазалоочу кызматкерлери ачыкка чыгарышкан.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Польшанын Колобже шаарынын таштанды тазалагычтары таштандыда жаткан эски чаң соргучтун ичинен жарым миллион евро таап алышканын РИА Новости жазып чыкты. 

Apple компаниясынан аткаруучу директору Тим Кук. Архив - Sputnik Кыргызстан
Apple компаниясы миллиард iPhone сатканын жарыялады
Маалыматта айтылгандай, Польшанын Колобже шаарынын таштанды тазалап иштеген кызматкерлери акчаны таап алган маалда өздөрүн чыныгы миллионер сезип калышкан. Бирок алар табылга тууралуу полицияга билдиргенде, укук корго органдары алардан акчаны алып койгон. 

Жарым миллион евронун ээси болуп Колебженин аял тургун табылган. Ал аял акчаны каякка каткандыгын ыкый-чыкыйына чейин айтып берген соң, полиция анын акчасын кайтарып берген. 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0