Чеченстанда селфи жасап жатып учуп кеткен эркекти ажалдын оозунан алып калышты

© flickr.com / Nick HubbardСелфи палочка. Архивное фото
Селфи палочка. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ажалы жок киши албууттанган дарыяга 40 метрдей гана жетпей калган.

БИШКЕК, 23-авг. – Sputnik. Чеченстандын Шатой районунда куткаруучулар селфи жасайм деп капчыйгадан кулап, ташка илинип калган эркекти сактап калды. Бул туурасында РИА Новости билдирди.  

"Эркек киши досу менен капчыгайдагы аскага чыгып жаратылыштын көрүнүшүн телефонго тартам деген. Кызыгып кетип асканын дал кырына чыгып, тең салмактуулугун сактай албай ылдыйды көздөй кулаган. 30 метрден кийин анча чоң эмес ташка илинип калган", — деп билдиришти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.

Ажалы жок киши албууттанган дарыяга 40 метрдей гана жетпей калган.

Бактыга жараша, андан алыс эмес жерде куткаруучулар жүргөндүктөн, беркини жарым сааттан кийин сууруп чыгышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0