Ди Каприо сүйлөшкөн кызы экөө жол кырсыгына кабылды

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүГолливуд актеру Леонардо Ди Каприо. Архив
Голливуд актеру Леонардо Ди Каприо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыкка күбө болгон адамдын айтымында, Лео алгач кызынын аман-эсен экенин көрүп, андан соң окуяга себепкер айымга жардам берген.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Голливуд актеру Леонардо Ди Каприо даниялык модель Нина Агдал менен Нью-Йорк штатында жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу New York Post гезитине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты. 

Футболчу Лионель Месси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ааламдын атактуулары менен сүрөткө түшүү шыбагасы буюрган кыргыздар
Маалыматка ылайык, окуя ишемби күнү саат 16.30да Саффолк аймагында болгон. Актер сүйлөшкөн кызы менен бараткан Range Rover унаасын аял киши айдап бараткан Mini Cooper сүзүп салган.

Басылманын айтымында, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес. Болгону Mini Cooper унаасынын алдыңкы бөлүгү мыйрыйып калган.

Кырсыкка күбө болгон адамдын айтымында, Лео алгач кызынын аман-эсен экенин көрүп, андан соң окуяга себепкер айымга жардам берген.

"Аял абдан коркуп калыптыр. Лео аны менен аябай сылык-сыпаа сүйлөштү", — деди күбө.

Эскерте кетсек, белгилүү актер 2016-жылы "Тирүү калган" тасмасында жараткан ролу үчүн "Оскар" алган. Мындан тышкары, ушул эле эмгеги үчүн үчүнчү ирет "Алтын глобуска" татып, АКШнын киносынчылар ассоциациясынын сыйлыгына ээ болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0