АКШда концерт учурунда автоунаа элди аралап кетип, жабыркагандар болду

© AP Photo / Ted S. WarrenАКШнын полиция кызматкерелри. Архив
АКШнын полиция кызматкерелри. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
74 жаштагы кемпир автоунаа токтоп турган жайдан чыгып бара жатканда андагы газ менен тормозду алмаштырып алган.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Американын Огайо штатында эшикте концерт болуп жаткан учурда автоунаа турган элди аралап жүрүп кетип, тогуз киши жаракат алды. Бул туурасында РИА Новости Ассошиэйтед Пресс агенттигине шилтеме берүү менен кабарлады. 

74 жаштагы кемпир автоунаа токтоп турган жайдан чыгып бара жатканда андагы газ менен тормозду алмаштырып алып, күүлөнгөн машина концерт көрүп тургандарды аралап кеткен. 

Аларды арасынан экөө катуу жаракат алган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Азырынча ал кемпирге карата эч кандай күнөө айтыла элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0