Азербайжан бийлиги Гүлендин бардык тарапташтарын табаарын убада кылды

© AP Photo / Selahattin SeviТүркияда төңкөрүш кылууга аракет кылган диний үгүттөөчү Фетхуллах Гүлен. Архив
Түркияда төңкөрүш кылууга аракет кылган диний үгүттөөчү Фетхуллах Гүлен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азербайжанда Гүлен менен байланышы бар деген шектүү уюмдар тыкыр текшерүүдөн өтүп жатат.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Түркияда төңкөрүш кылууга аракет кылган диний үгүттөөчү Фетхуллах Гүлендин Азербайжандагы бардык тарапташтары табылып, ачыкка чыгат.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түрк министринин чакырыгы "Себат" лицейлеринин жабылуусун шарттайбы
Бул туурасында Азербайжандын президенттик администрациясынын тышкы байланыш боюнча бөлүмдүн жетекчиси Новруз Мамедов билдиргенин РИА Новости маалымдады.

Коргоо кызматынын башкы тергөө башкармалыгында "ыкчам–иликтөө иши жөнүндөгү мыйзамдарды бузуу" жана "кызматтык ыйгарым-укуктарын кыянаттык менен колдонуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

"Гүлендин бардык тарапташтары ачыка чыгат. Азербайжанда аларды табуу аракети көрүлүүдө. Гүлендин кыймылы өлкөдөгү оппозияцчылар менен байланышы бар экендиги иликтөөдө көрүнүп жатат. Азербайжанда туруктуулукту сактоо үчүн алдын-ала бардык чаралар көрүлөт", — деген Новруз Мамедов агенттикке берген маалыматында.

Основатель движения Хизмет Фетхуллах Гюлен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркия Индияны Гүленге байланыштуу мекемелерди жабууга чакырды
16-июлга караган түнү Стамбул менен Анкара шаарларында козголоң чыгып, аскердик төңкөрүш жасоого аракет болгон. Бийликтин көргөн чарасы менен ал ишке ашпай, акыркы маалыматтар боюнча 246 киши каза болгон.

Мындан тышкары, эки миңден ашуун адам ар кандай жаракат алган.

Түркия бийлиги бул аракеттерге диний үгүттөөчү Фетхуллах Гүлендин тийиштиги бар экендигин айтып, АКШдан аны экстрадиция кылууну талап кылган. Ал эми Гүлен козголоңду айыптап, ага катыштыгы жок экендигин айткан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0