Индияда жолбун иттер энесин баласынын көзүнчө талап салды

© Sputnik / Сергей Ермохин / Медиабанкка өтүүИт. Архив
Ит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолбун иттердин талоонунда калган аял ооруканада көз жумган.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Индияда 100дөн ашуун жолбун иттер Кералы штатынын жашоочусун баласынын көзүнчө талап салышты. Бул тууралуу РИА Новости Индиянын жергиликтүү басылмаларына таянуу менен жазып чыкты. 

Каргашалуу окуя жума күнү Пуллувилла кыштагында болгон.

"Коомдук ажатканага барган 65 жаштагы аялды 100дөн ашуун жолбун ит талап салган. Апасы көпкө келбей калганын сезген баласы артынан издеп барып, иттерге жем болуп жаткан энесин көргөн. Иттер андан ары апасына жардамга келген балага атырылып баштаган. Ал учурда бала сууга секирип аман калган",- деп айтылат маалыматта.

Иттин таландысына калган аял ооруканада жан берген. Ал эми жолбуун иттер ошол эле күнү дагы бир аялды талап, ал бактыга жараша аман калган.

Индиянын Кералы штатында жолбун иттер маселе башкы көйгөйгө айланып, бүгүнкү күнгө дейре чечилбей келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0