БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Афганистандын түндүк-чыгышында болгон жардыруудан кеминде беш киши мерт кетип, үчөө жарадар болду. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.
Жергиликтүү бийликтин өкүлү Тахар провинциясында жардыруу түшкө жуук болгондугун NewKerala жаңылыктар порталына айтып берген.
Жарадар болгондор ооруканага жеткирилген. Бир дагы топ теракт жоопкерчилигин өзүнө ала элек.