Бангладеште сериалдан улам жүздөгөн адам бычакташа кетти

Жазылуу
Кызуу кандуулукка алдырган эл ресторандын ичиндеги буюм-тайымдарды талкалап, мушташкандардын 15и ооруканага түшкөн.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Фэнтези жанрындагы индиялык телесериалдан улам Бангладештин чыгышындагы аймакта чатакташып кетип, 100гө чукул адам жарадар болду. Бул туурасында РИА Новости Франс Пресс агенттигине шилтеме берип кабарлады. 

Тапанча кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы кыргызстандыктардын үйлөнүү тоюндагы атышуунун чоо-жайы
Хабиганж районунун жашоочулары Дхол айылындагы ресторанга "Киранмалу" (Kiranmala) деп аталган сериалды көрүүгө чогулган. Сериал учурунда анын жүрүшүндөгү окуялар боюнча талаш чыгып, ал мушташка жеткен. Кызуу кандуулукка алдырган эл ресторандын ичиндеги буюм-тайымдарды талкалай баштаган. Анысы аз келгенсип, бири-бирине таяк ала чуркап, бычакташа кетишкен. Жетип келген полиция жаалдангандарды көздөн жаш агуучу газ чачып жатып, араң токтоткон. 

"Сериал көргөнү келгендердин ичинен эки эркек киши кинонун мазмунун талашып кетип, эки жаат болуп мушташууга алып келген", — деп айтылат маалыматта. 

100 кишинин ичинен 15и ооруканага түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0