ЮНИСЕФ: Түштүк Суданда 16 миң өспүрүм согушка аралашып кеткен

© Sputnik / Каро Саакян / Медиабанкка өтүүКуралчан адам. Архив
Куралчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык уюмдун маалыматында аталган өлкөдө 250 миң бала курсагы тоё тамак жебейт жана булардын жарымы мектепке барбайт.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Түштүк Суданда балдарды аскердик жашоого аралаштыруу уланып жатат. Быйылкы жылы эле куралдуу топтун катарына 650 бала кошулуп, былтыртадан тарта 16 миң жашы жете электер колуна курал алган. Бул туурасында РИА Новости Бирикен Улуттур Уюмунун Балдар фондусунун (ЮНИСЕФ) маалыматына таянып билдирди.

ЮНИСЕФтен жаңы кагылышуулар миңдеген балдардын тагдырына таасирин тийгизет деп чочулап турушат. 

Уюмдун маалыматына караганда, өлкөдө кагылышуулар башталган 2013-жылдын декабрь айынан тарта 16 миңге чукул бала колуна курал алган. Былтыр өлкөдө ири масштабдагы демобилизация болуп, 1,775 бала үйүнө коё берилген. 

"Түштүк Судандагы кайрадан болгон кагылышуулар жана аскерге алуу бул прогресске кесепетин тийгизет", — деп айтылат Балдар фондусунун маалыматында.

ЮНИСЕФ: согуш болгон аймактарда 24 миллион бала мектепке барбай калды
Аталган өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн беш жылдыгынын алдында – июлдун башында борбор шаары Жуба өкмөттүк аскерлер менен оппозициянын кагылышуусу болгон. Буга чейин БУУнун миссиясы аталган аймакта жаңы согуштар болгондугун кабарлаган.

ЮНИСЕФ азыркы кризистин фонунда бул жаш мамлекетте аялдар менен кыздарга карата жасалган зомбулук тереңдеп кеткендигин билдирген. 

"Акыркы докладдагы маалыматтар бул аймакта кыз-келиндерди зордуктоолор, сексуалдык ыдык көрсөтүүлөр кеңири тарап кеткендигин көрсөтүп жатат. Дайыма жасалып турган зордуктоолор, сексуалдык жактан эксплуатация, уурдап кетүүлөр токтотулушу керек", — деп айткан аталган уюмдун директорунун орун басары Жастин Форсайт.

ЮНИСЕФтин логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өлүмгө дуушар болгон наристелердин санын атады
2013-жылы 900 миң чукул бала өлкөнүн ичинде бир аймактан экинчи жакка орун которгон. 250 миң бала курсагы тоё тамак жебейт жана булардын жарымы мектепке барбайт. Түштүк Судан 2011-жылы Судан мамлекетинен бөлүнүп, өзүнчө республика болгон. 2013-жылы президент Сальва Кииранын өкмөтү менен козголоңчулардын башында турган вице-президент Машардын ортосунда касташуу башталып, согуш оту тутанган. 2015-жылдын август айында тараптар тынчтык келишимине кол койгону менен кайрадан кагылышуу болгон. Машар баш калаадан качып кетип, анын ордуна Табан Денг Гай дайындалган.

БУУнун акыркы маалыматтарына караганда, Риек Машар Конго мамлекетинен качып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0